Бугу 21, 2024
Убакыт: 17:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Мэрия Жал кичирайонундагы “Шашлычная №1” кафесин бузат

31.07.2023 14:33
278
Мэрия Жал кичирайонундагы “Шашлычная №1” кафесин бузат


Жал кичирайонунда Ахунбаев жана Тыналиев көчөсүнүн кесилишндеги “Шашлычная” кафеси демонтаждалат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бузуу иштерине шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев катышат. Ал белгилегендей, өткөн жылдан бери муниципалитет бул жерди шаарга кайтарып берүү аракетин көрүп, жыйынтыгында соттор болгонуна карабай, сүйлөшүүлөрдөн кийин, соттук териштирүүлөрсүз эле ишке ашырышкан.

«Бүгүн кафенин ээлери кафени өз ыктыяры менен бузушарын билдиришти. Биз бузууну токтоттук», - деди Орунтаев.

Эгер өздөрү бузушпаса, анда муниципалитет өзү бузарын билдирди.

Белгилей кетсек, мурдараак, жогоруда аталган кафеге жанаша жайгашкан жалпы аянты 1300 чарчы метрди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулган. Андан соң, УКМК тарабынан вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү") жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн