Учтун айы 22, 2025
Убакыт: 15:56
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Мэрия ижарага бериле турган мүлктөргө аукцион жарыялады

22.01.2025 12:08
32
Мэрия ижарага бериле турган мүлктөргө аукцион жарыялады


Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти 17 объектти аукцион аркылуу ижарага койгонун жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Алтын Булак" пансионаты, жер тилкелери жана түрдүү максатта курулган муниципалдык мүлктөр онлайн-аукционго коюлат.

Төмөнкү объектилерди ижарага берүү боюнча аукциондор өтөт:

- ЛОТ № 1984.2 – Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы "Алтын-Булак" пансионатынын аянты 23 700 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси. Ошондой эле аймакта көл жээги да бар. Жер тилкесинен туташтырууга мүмкүн болгон ысык булагынын түтүгү өтөт.

- ЛОТ № 11022.1 - Бишкек, Молдобасанов көч. 8в дарегиндеги аянты 9 000 кв.м болгон жер тилкеси;

- ЛОТ № 11021.1 - Бишкек, Интергельпо көч. 2 дарегиндеги аянты 36 000 кв.м болгон жер тилкеси;

- ЛОТ № 11024.1 - Шопоков көч. (Жеңиш аянтынын түштүк бөлүгү) дарегиндеги аянты 11 467 кв.м болгон жер тилкеси;

- ЛОТ № 11033.1 - Бишкек, "Көлмө" конушу, Үсөнжапар/Дастан көч. дарегиндеги аянты 472 кв.м болгон жер тилкеси;

- ЛОТ № 11035.1 - Бишкек, Көлбаев көч. 42 дарегиндеги аянты 12,2 кв.м болгон тамактануучу жай үчүн тургузулган имарат;

- ЛОТ № 11034.1 - Бишкек, 3-чү линия көч. 25/1дарегиндеги аянты 30,9 кв.м болгон тамактануучу жай үчүн тургузулган имарат;

- ЛОТ № 11037.1 - "Мурас-Ордо" конушу, №99 орто мектеп дарегиндеги аянты 110 кв.м болгон спорттук секциялар үчүн тургузулган имарат;

- ЛОТ № 11032.1 - Калык Акиев көч. 72 дарегиндеги аянты 85,6 кв.м болгон ар түрдүү максатта курулган имарат;

- ЛОТ № 11031.1 - Калык Акиев көч. 72 дарегиндеги аянты 92,5 кв.м болгон ар түрдүү максатта курулган имарат;

- ЛОТ № 11030.1 - Бишкек , Москва көч. 141 дарегиндеги аянты 76,6 кв.м болгон ар түрдүү максат үчүн тургузулган имарат;

- ЛОТ № 11029.1 - Бишкек, Тунгуч к/р 17/2 дарегиндеги аянты 225,2 кв.м болгон ар түрдүү максатта курулган имарат;

- ЛОТ № 1949.3 - Бишкек, Бейшеналиев көч. 31 дарегиндеги аянты 51,6 кв.м болгон ар түрдүү максаттар үчүн тургузулган имарат;

- ЛОТ № 11028.1- Бишкек, Асанбай к/р Г. Айтиев көч. 2/1 дарегиндеги аянты 329 кв.м болгон бассейн

- ЛОТ № 11025.1 - Бишкек, Кривоносов көч. 206 дарегиндеги аянты 30,9 кв.м болгон тамактануучу жай үчүн тургузулган имарат;

- ЛОТ № 11026.1-Чүй проспектиси Үмөталиев көч. (Ю-З) дарегиндеги унаа токтотуучу жай;

Белгилей кетсек, аукционго катышуу үчүн ЭЦП (электрондук цифралык колтамга) үчүн флеш-карта сатып алуу жана https://auctionetp.gov.kg/msu/шилтемеси аркылуу каттоодон өтүү керек, ылайыктуу аукцион лотун табуу, маалыматтарды толтуруу жана катышуу үчүн код аркылуу төлөө керек.

Аукционго катышуу боюнча нускамалар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот: https://docs.google.com/document/d/1cyipUwvq-_8HGfUVhR90LEaPTQw3UkAf/editч

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн