Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мэрия кышка даярдык жана 17-сентябрда өтө турган ишембиликти талкуулады

15.09.2022 14:30
359
Мэрия кышка даярдык жана 17-сентябрда өтө турган ишембиликти талкуулады



Муниципалитетте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында келе жаткан жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана масштабдуу ишембилик өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, турак жай-коммуналдык чарба департаментинин маалыматы боюнча, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан 62 откана даярдалып, 4 откананын оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлүп, жылуулук тармактары 40%га оңдолду. «Бишкекжылуулуктармагы» филиалы тарабынан жылуулук тармактарын оңдоо иштери 67%га, жылуулук тармактарынын капиталдык курулушу 71%га, үй ичиндеги тармактарды алмаштыруу 71%га аткарылган.


Мэр борбор калаанын акимчиликтерине МАБ менен биргеликте 17-сентябрда өтө турган жалпы шаардык ишембиликке шаардыктарды, чарбалык субъекттерди тартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.


Ошондой эле, борбор калаанын мэри коммуналдык кызматтарга келерки кышка өз убагында жана сапаттуу даярданууну, бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн