Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мэрия мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууну улантууда

12.05.2023 16:52
351
Мэрия мыйзамсыз орнотулган объектилерди алууну улантууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы тарабынан Садырбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан техникалык тейлөө станциясынын жанындагы объектилер алынууда. 


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бузуу иштери Ленин районунун прокуратурасынын автоунааларды тейлөө станциясында табылган мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйругунун негизинде жүргүзүлдү.


Буга чейин аталган башкармалыктын адиси «Бишкекбашкыархитектура» ММ адистери менен биргеликте комиссиялык иликтөө жүргүзүп, көрсөтүлгөн жерге жалпы аянты 136,31 чарчы метрди түзгөн 3 контейнер, бир гараж, эки бастырма орнотулганы аныкталган.


2022-жылдын 25-майында вулканизацияга бөлүнгөн жалпы аянты 50 чарчы метр жер участогуна 1 жылдык мөөнөткө ижара келишими түзүлгөн.


Ошондой эле аталган жер тилкесинде муниципалдык аймактын эсебинен 86,31 чарчы метрге өз билемдик менен ижарага берилген жер тилкесин кеңейтип алган.


Учурда Башкармалык тарабынан тиешелүү уруксат кагаздары жок орнотулган темир гаражды, 2 контейнерди бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн