Бугу 12, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту жаңылоого сынак жарыялады

12.12.2023 16:27
190
Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту жаңылоого сынак жарыялады


Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту жаңылоонун эскизин иштеп чыгууга сынак жарыялаганын билдирди.


"Ачык сынак бир этап менен өткөрүлөт. Калыстар тобунун жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышуучу боло алышпайт. Долбоорлоо уюмдары, чыгармачыл топтор, сертификаты бар архитекторлор, дизайнер, сүрөтчү, скульптор жана башкалар күч сынап көрсө болот. Сынакка лицензиясы бар долбоорлоо уюмдарынын архитектуралык ишмердүүлүгүнө тиешелүү сертификаттары бар архитекторлор катышат", — деп айтылат маалыматта.


Сынак 11-декабрда жарыяланган. Шартка ылайык, долбоорду 15-декабрга чейин "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына тапшыруу керектиги айтылды. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктаган соң сыйлык 22-декабрда тапшырыла турганы кошумчаланды.


Материалдарды тапшырууда суроо жаралса 0312-35-30-54 номерине чалса болот. Ал эми толук шарты менен мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн