Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 14:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Мэрия таштанды ташуучу "Комтранском" компаниясы менен келишимди бузуу тарабын кароодо

09.08.2022 09:22
485
Мэрия таштанды ташуучу  "Комтранском" компаниясы менен келишимди бузуу тарабын кароодо


Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан укук коргоо органдарына Октябрь администрациясы менен "Комтранском" ЖЧКнын ортосунда турмуш - тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча келишимдин шарттарын аткаруу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдириди.


Мындай иш-чара шаардыктардын жогоруда аталган жеке компаниянын ишине даттанууларынын көбөйүшүнө, ошондой эле Октябрь районунда таштандынын үймөктөрү пайда болушуна байланыштуу.


Мындан тышкары, учурда Октябрь райондук администрациясы менен "Комтранском" ЖЧКнын ортосунда келишимди бузуу маселеси боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.


Эске салсак, 2016-жылы "Тазалык" муниципалдык ишканасы жарыялаган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан КТК ташып чыгуу жеке компанияга өткөрүлүп берилген. "Комтранском" ЖЧКсы пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп табылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн