Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 16:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Мэрия жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча кайсы документтер керек экендигин жарыялады

26.11.2021 11:46
817
Мэрия жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча кайсы документтер керек экендигин жарыялады

Бишкек мэриясында конуштарда жайгашкан жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди алып келүү үчүн мобилдик топтор түзүлөт.


Муниципалитеттен билдиришкендей, мобилдик бригадалар түздөн-түз жеринде иштешет.


"Азыр “2012-жылдын 3-августуна чейин курулган өз алдынча жеке турак жай курулуштары бар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору коомдук талкууга алынып, ал ушул жылдын 29-ноябрында аяктайт", - деп айтылат маалыматта.


Бишкек мэриясы калктуу конуштардын жашоочуларын жер тилкелерин каттоодо талап кылынуучу документтердин тизмеси менен таанышып чыгууну суранат.


Алгачкы кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн документтерди тизмеси:


Өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү).

Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар.

Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жөнүндө жана үй-бөлөнүн сандык курамынан маалымат кат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Канат Камчыбеков
Ак-Жар элинин турак жайлары да каралганы?
Сатыбаев Н А
Кызыл китеп