Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 01:27
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Мэрия жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү

17.01.2025 16:21
40
Мэрия жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү


"Бишкек жылуулук тармагы" декабрда жылытуу жана ысык суу үчүн төлөмдөр ноябрга салыштырмалуу жогору болгонунун себебин түшүндүрдү.


Ишкана жылуулук кыш мезгилиндеги беш айга абанын табына жараша бөлүнөрүн билдирди. Төлөмдү эсептөөдө Кыргызгидрометтин маалыматтары колдонулат. Мисалы, күн жылуу болсо азыраак, суук болсо көбүрөөк жылуулук берилет. Ушуга байланыштуу ноябрга салыштырмалуу декабрь үчүн төлөм көбүрөөк чыккан.


Мындан тышкары, мекеме 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулук үчүн тарифтер жогорулаганын эске салды. Маселен, батиринин аянты 80 чарчы метрден ашпагандар жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн чарчы метрине 1 560 сомдон төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998,17 сомдон болот.


"Бишкек жылуулук тармагы" абоненттерди бардык суроолор боюнча ишкананын байланыш борборуна кайрылууну сунуштайт.


Абоненттерди колдоо борбору: 1980 (колл-борбор), (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, o (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн