Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени көтөрүү боюнча 3 вариантты коомдук талкууга койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэрия жол киреге болгон тарифти көтөрүү боюнча төмөнкү варианттарды сунуштайт:
• кандай болсо, ошол бойдон калсын
• муниципалдык транспорттор 11 сом, жеке менчик транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустары15 сом
• автобустар - 15 сом, троллейбустар - 11 сом, кичи автобустар - 19 сом
Мэрия эң оптималдуу вариант катары 2-вариантты белгилеген.
"2-вариантты тандоо бардык кызыкдар тараптар үчүн оң натыйжаларды гана берет" деп эсептейт муниципалитет.
Пикирлер (9)