Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мэрия жол тыгынын азайтуу үчүн 85 метр жолду кеңейтет

17.04.2023 18:46
259
Мэрия жол тыгынын азайтуу үчүн 85 метр жолду кеңейтет

Акыркы убакта Бишкек шаарында унаалар көбөйгөндүгүнө байланыштуу, жол тыгындарын азайтуу үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы унаа жолун кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Курулуш иштери №309, №311 үйлөрдүн алдында жүргүзүлүүдө, анын узундугу 85 метрди түзөт.


Бүгүнкү күндө туурасы 3 метр болгон кошумча тилкени салуу боюнча иштер аяктап, ирригация тутумдары жана бордюрлары орнотулду.


Асфальт төшөө алдында тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн