Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мэриядагы “популисттер” жолго чача турган тузду сатып жибергенби?

14.01.2021 09:32
1422
Мэриядагы “популисттер” жолго чача турган тузду сатып жибергенби?


Акыркы жааган кар Бишкек мэриясынын кышка даярдыгы өтө начар болгонун тастыктап койду. Бул жылдагы сейрек жааган (дээрлик бир айдан бери кар жааган жок) кардан көчөлөрдү өз убагында тазалай албаганы кандай булардын? Азыр деле далай көчөлөргө туз себилбей, же кары күрөлбөй муз болуп, унаалар араң жүрүүдө.


Сөзүм куру болбошу үчүн Биринчи Май районуна караштуу 20 миңдей калкы бар Ак-Босого конушунун борбордук көчөлөрүн айтайын. Архитектор жана Профессор Зима көчөлөрү мурдагы мэрлердин тушунда тынбай тазаланып, кар жаашы менен туз себилип, күрөлүп турчу. Бишкек мэриясына “популисттер” келгенден бери каралбай калды. Ишенбесең азыр барып көр! Эмне үчүн Бишкектин башына келген “популисттер” жаңы конуштарга карабайт? Же алар эл көп жүргөн, чоңдор баскан жолду гана тазалоо милдетин алганбы? Кара таман эл эмне болсо ошол болсун деген саясатпы? Дээрлик 1,5 сутка өтсө да эмне үчүн Ак-Босогонун борбордук көчөлөрүнө туз чачып койбойт? Же кышка деп камдаган тузду сатып жибергенби? Андай болсо чара көрүлсүн!


Кылыч Анарбеков, Ак-Босого конушунан

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Марс
Популисттер эл менен иши жок