Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мэриянын кызматкери УКМК кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

07.06.2021 10:49
1427
Мэриянын кызматкери УКМК кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды




Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы иш-аракеттердин алкагында, КР УКМК кызматкерине каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси "Н.П." пара берүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


КР УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталды, 2021-жылдын 31-майында аталган «Н.П.» аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталды. 


Бул факт туралуу Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.


2021-жылдын 4-июнунда Коопсуздук органдын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен «Н.П.» кармалды.


Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн