Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мэриянын аппарат жетекчиси болуп 31 жаштагы Адилет Малдыбаев дайындалды

28.07.2020 11:53
540
Мэриянын аппарат жетекчиси болуп 31 жаштагы Адилет Малдыбаев дайындалды


Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгон. Жаңы жетекчи буга чейин Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп эмгектенип жаткан.


Адилет Малдыбаев 31 жашта, Каракол шаарында туулган. Аталган калаадагы №11 Максим Горький атындагы мектеп-гимназиясында окуган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүүчүсү.


Белгилей кетсек, мэриянын аппаратын Балбак Түлөбаев башкарып келген. Ал 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн