Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:02
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Месси Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы мыкты оюнчу аталды, Роналду үчүнчү

12.05.2020 15:11
978
Месси Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы мыкты оюнчу аталды, Роналду үчүнчү


“Барселона” командасынын чабуулчусу Лионель Месси өткөргөн оюндары жана голдорунун көрсөткүчү менен Чемпиондор лигасынын тарыхындагы мыкты оюнчу деп табылды. Бул тууралуу эл аралык спорт басылмалары жазып чыкты.

 

Аргентиналык футболч 141 оюнда 114 гол киргизип, 0,8 голдук көрсөткүч менен биринчи орунду ээлеген.


Ал эми алдынкы үчтүктү “Реал” жана “Манчестер Юнайтед” командаларынын мурдагы оюнчусу Руд ван Нистелрой жана “Ювентустун” оюнчусу Криштиану Роналду кирген.


Өкөргөн оюндары жана голдору боюнча Чемпиондор лигасынын алдынкы оюнчулары:


1. Лионель Месси (141 оюн, 114 гол, көрсөткүч – 0,8)

2. Руд ван Нистерлой (73 оюн, 56 гол, 0,77)

3. Криштиану Роналду (169 оюн, 128 гол, 0,76)

4. Роберт Левандовски (86 оюн, 64 гол, 0,74)

5. Неймар (57 оюн, 35 гол, 0,61)

6. Филиппо Индзаги (81 оюн, 46 гол, 0,57)

7. Эдинсон Кавани (62 оюн, 35 гол, 0,56)

8. Серхио Агуэро (71 оюн, 39 гол, 0,55)

9. Карим Бензема (119 оюн, 64 гол, 0,54)

10. Рауль (142 оюн, 71 гол, 0,50).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн