Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Меценат Бурул Аманова: «Пандемияга каршы баарыбыз бир муштумдай биримдикте болушубуз керек» (сүрөт)

06.07.2020 11:52
2084
Меценат Бурул  Аманова: «Пандемияга каршы баарыбыз  бир муштумдай биримдикте болушубуз керек» (сүрөт)


Коронавирус тумоосунун жайылуусу, анын айынан адамдардын көз жумушу Кыргызстандын элин  коркунучка кабылтып, бардыгыбызды кооптондурган абалды жаратты. Ошол эле учурда жалпыга келген илдетке каршы күрөшүүдө  көптөгөн адамдардын кол сунуп жатышы кубандырат.  Элибизден чыккан мындай меценаттардын арасында ишкер, мейманкана бизнесинин ээси, сүйүктүү жар жана мээрман эне Бурул Аманова да бар. Ал көптөгөн жылдардан бери кайрымдуулук иштери менен алектенип келет. Бүгүнкү күндө да  кайрымдуулук акцияларынан четте калбай, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалда олуттуу жардамдарын көрсөтүүдө. Алардын бири - «Silk Road Lodge» мейманканасын медиктер үчүн обсервацияга айландырганы.


Бизге берген маегинде Бурул Аманова өзүнүн турмуштук жолунун урунтуу учурларына токтолуп, бизнестеги ийгиликтеринин сырлары менен бөлүштү. Ошондой эле өзүнүн үй-бүлөсү, меценатчылык  жеке салымдары тууралуу айтып берди.

 

- Сөздү башынан баштасак, сиз  жеке менчик мейманканаңызды обсервация үчүн берүү чечимине кандайча келдиңиз?

- Учурда эпидемиологиялык кырдаал оор болуп турат. Биздин көптөгөн туугандарыбыз, досторубуз оорушууда, күн сайын көңүл ооруткан жаңылыктарды угуп атабыз. Азыр  каякты караба, ушул тууралуу сөз болууда, биз дагы өзүбүзчө кеңешип, мындай оор күндөрдө элибизге кантип жардам берсек болот деп сүйлөштүк. Медицина кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин мейманкананы медиктерге, аймактардан Бишкекке жардам берүү үчүн келип жаткан ак халатчандар үчүн берүүнү чечип, социалдык тармактар аркылуу элге кайрылдык.


Бизге мэриядан жана өкмөттөн дароо байланышка чыгышып,  мейманкананы карап чыгуу үчүн адистер жибериле турганын айтышты. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери  келип көрүшүп, уруксат беришти. Азыркы күндө мейманканага 18 медицина кызматкери жайгаштырылды, суроо  талапка жараша жаңы дарыгер, медайымдар үчүн орундарды берип жатабыз.


Мындан тышкары, карантин иш-чаралары башталгандан бери биз Кадамжай жана Ноокат райондук ооруканаларына гуманитардык жардам көрсөттүк. Аларга: коронавирустан сактануу кийимдерин, медициналык  беткаптарды, зыянсыздандыруучу жеке коргонуу каражаттарын, мындан тышкары аталган райондордун  аймактык ооруканалары үчүн эки реанимобиль сатып бердик. Ошондой эле аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамдарды,

 

- Айтсаңыз, алгач бизнесиңизди кантип баштадыңыз эле?

- Мен Кадамжай районунда төрөлүп, ошол жерде чоңойгом. Россиядан Магнитогорск мамлекеттик университетинин адабият факультетин бүтүргөм.  Бизнестеги алгачкы жолум 90-жылдардагы кризис маалына туш келди. 1992-жылы СССР ыдырагандан кийин жолдошум экөөбүздүн алдыбызда кесибибиз менен иштесекпи же башка жумуш кылганыбыз оңбу деген маселе турду.


Филологдордун маянасы өтө аз болгондуктан, биз Россияда Кыргызстандын балын сата баштадык. Алгач өзүбүз сата баштасак, андан кийин бал менен камсыз кылганга өттүк. Биринчи күндөрү аябай кыйын болду, жолдошум экөөбүз университеттин жатаканасында жашап, телевизор, керебет сатып алууну кыялданчу элек. Бизнестин андан кийинки этаптарында Түркиядан, Дубайдан, БАЭден, Кытайдан кийим алып келип сатканга өткөнбүз. Азыр айтканга оңой, бизнестин өзүнүн оорчулуктары бар, бирок биз бардык кыйынчылыктарды басып өттүк.

 

- Миграция жана мигранттар Кыргызстан үчүн абдан актуалдуу тема, айрымдары жаштардын, дегеле жарандарыбыздын массалык агымын туура көрүшсө, кээ бирөөлөрү колдобойт. Кезегинде сиздер дагы мекенден алыс иштеп жүрдүңүздөр. Сиздин көз карашыңызда миграциянын канчалык пайда-зыяны бар?

- Кыргызстанда миграция темасы ар дайым курч коюлуп келет. Бул маселеде, ар кимдин негиздүү  жана жүйөлүү көз карашы бар. Бирок, бул жерде маселесинин тереңдигин аңдап-билүү маанилүү. Анткени, миграция өзүнөн өзү эле келип чыга калган жок, жогоруда айтканымдай 90-жылдардагы массалык жумушсуздуктун оор күндөрү баарыбыздын эсибизде. Ошол кыйын кездерде биздин жарандар жол таап кетишти,  Жолду ушул миграция аркылуу табышып, ар кандай өлкөлөргө барып иштеп, араң дем алган экономиканы колдоп турушту. Ушул учурду дайыма эстен чыгарбоо керек.


Мигранттарыбыз которгон каражаттарга Кыргызстанда миңдеген үй-бүлөлөр жашап жатат жана оокаттарын оңдоп алышты, өлкөбүздө бизнес тармагы өнүктү. Мен миграциядан чыккан адам катары, биздин ар бир чет жерлерде иштеп жаткан мекендештерибиз жан дүйнөсүндө «мекен» деп санаа тартаарын  айта аламын.  Билесиздерби, эл жерден канчалык алыс жүрсөң, мекениң, туулуп-өскөн жериң, тамак-ашы, жаратылышы ошончолук көзүңдөн учуп, ой-санааңдын баары ушул жакта болот. Ошентип, ким кеткен болсо, эртедир-кечтир кайтып келет, кур келбей колуна бирдеме кармай келет. Ошондуктан мен миграция анчалык деле коркунучтуу эмес дейт элем – бул дүйнөлүк практика.


   Дегеле дүйнөдө, бардык континенттерде миграция көйгөйлүү көрүнүш. Ал эми биздин мигранттар кандай колдоолорду алып жатат, кайсы мыйзам- ченемдер алар үчүн пайдалуу бул башка маселе. Бул багытта менин туруктуу көз карашым болуп келген жана дайыма биздин мигранттарга жардам бергим келчү.


    Мен биздин Өкмөт дүйнөгө тарап кеткен мигранттардын топтору, алар иштеп жаткан өлкөлөрдүн расмий бийлиги  менен дайыма тыгыз байланышта болушу керек деп эсептейм. Мигранттарыбызга ыңгайлуу шарттарды  түзгөн макулдашууларга дипломатиялык жолдор аркылуу жетишүү аракеттерин көрүп туруу керек.

 

- Мамлекеттик башкаруу системасындагы актуалдуу көйгөйлөр катары эмнелерди айтат элеңиз?

- Коронавирустун жайылуусу өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык кырдаалды андан бетер оорлотту, саламаттыкты сактоо системасындагы көйгөйлөрдү ачыктап, медициналык  кадрлардын таңсыктыгын көрсөттү. Ушуга байланыштуу азыр мамлекеттин алдында калкты социалдык жактан коргоо, жарандарды бардык конституциялык кепилдиктер менен камсыз кылуу, анын ичинде сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү деген милдеттер турууда.     

 

- Сиз, меценат катары каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар башка жарандарга кайрымдуулук иштерди жүргүзүү багытында кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биздин үй-бүлө бизнести баштаган күндөн тартып эле муктаждарга  жардам берүүгө аракет кылып келебиз, бирок ал жөнүндө эч качан ачык айткан эмеспиз. Бирок азыр меценаттык институтту өнүктүрүү үчүн кайрымдуулук, соопчулук иштерин көрсөтүүгө ачык чакырыктар болууда. Ошондуктан бардык кайдыгер эмес жарандарга кайрылып, кайрымдуулук иштерди жасоого кошулууга чакырам. Аракеттерибизди бириктирмейинче мамлекетибиздин элдин  жашоосун жакшыртуу максаттарына жетишүүсү кыйын. Өз ара жардамдашуу, социалдык байланыштарды жакшыртуу, элибиздин мобилдүүлүгү, көңүл кош эместиги гана коркунучтарга каршы туруп, аларды  жеңүүгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү пандемияга каршы биз баарыбыз бир муштумдаалыпй биримдикте болушубуз керек.


      Эмне иштер жасалып жатканы жөнүндө ачык айтышыбыз зарыл. Мисалы, дарыгерлер үчүн  обсервация ачылганы тууралуу постумдан кийин мага кыйын абалда калган көптөгөн адамдардан билдирүүлөр келүүдө. Албетте, мен жардамга муктаждардын баарына жардам көрсөтө албайм, бирок абалга жараша жардам көрсөтүүлөрдү уланта беребиз.

 

- Мейли аялбы, мейли эркекпи, бирок ар бир ийгиликтүү адамдын артында бекем таянычы – үй-бүлөсү турат эмеспи. Сиз өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу эмне айта аласыз? Балдарыңызды тарбиялоодо кандай принциптерди карманасыз?

- Көп жылдардан бери жолдошум менен бактылуу өмүр кечирип келатам. Бизин үч балабыз бар: уулубуз жана эки кызыбыз. Биз болгон мээримибизди, сүйүүбүздү балдарыбызга берип, аларды жогорку билимдүү кылып, жалпы кабыл алынган моралдык ченемдердин алкагында тарбия берүүгө аракет кылып келебиз. Мен эне катары катуумун, уулум менен кыздарымдан жакшы окууну, тартипти талап кылам. Ошону менен бирге балдарыбызга жоопкерчиликти карманган эркиндикти беребиз. Балдарыбыз менен бардык темада ачык сүйлөшөбүз, курбалдаш катары сүйлөшкөнүмө кээде туугандарыбыз, досторубуз таң калышат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн