Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мейли стоматолог же ортопед болобу окуудан өтүп, дарылоого даяр турсун, - Боронов

04.08.2020 19:40
1066
Мейли стоматолог же ортопед болобу окуудан өтүп, дарылоого даяр турсун, - Боронов


Республикалык штабдын мүчөлөрү бүгүн, 4-августта өткөн жыйынында медициналык кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо маселесин карашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды диагностикалоо жана дарылоо, инфекциялык көзөмөлдөө, жеке коргонуу каражаттарын туура пайдалануу, лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү, иммунопрофилактика боюнча көчмө жана аралыктан окутуу курстары үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө. 18 миңден ашуун адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. Учурда алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистери окуудан өтүүдө.

Премьер-министр Кубатбек Боронов лаборант жана врачтардын кадрлар резервин сапаттуу даярдыктан өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мейли ал стоматолог, же ортопед болсун, бирок зарыл болгон учурда окуудан өтүп, бекитилген протоколдорго ылайык дарылоого даяр болсун. Алгачкы медико-санитардык кызмат көрсөтүү адистерин жаңы клиникалык протоколдоруна ылайык дарылоого онлайн режимде окутуу ишин күчөтүү зарыл. Протоколдорду туура пайдалануу дана тийиштүү дарылоону камсыздоо абдан маанилүү», - деди өкмөт башчы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн