Бугу 14, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мигранттар август айында Кыргызстанга 242,1 млн доллар которушкан

23.10.2021 10:55
1570
Мигранттар август айында Кыргызстанга 242,1 млн доллар которушкан


2021-жылдын август айында мигранттар Кыргызстанга 242,1 миллион доллар которгон, бул бир ай мурдагыдан 600 миң долларга көп. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.


Сегиз айдын ичинде эле мигранттар өлкөгө 1 миллиард 736,84 миллион доллар которгон. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 271,25 миллион долларга көп.


Акча которуулардын 97 пайыздан ашыгы Орусияга туура келет – 1 миллиард 692,87 миллион доллар. Башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына 8,83 миллион доллар, АКШдан 28,82 миллион доллар которулган.


Үстүбүздөгү жылдын август айынын жыйынтыгы менен каражаттардын өлкөдөн чыгарылып кетиши - 43,1 миллион доллар. Акчанын негизги бөлүгү Россияга которулган - 41,7 миллион доллар. Сегиз ай ичинде 335,09 миллион доллар өлкөдөн чыгарылып кетилген.


2021-жылдын январь-августунда Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 1 миллиард 401,75 миллион долларды түздү.


2020-жылдын аягында республикага акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 377,16 миллион долларды түзгөн. Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө 488,23 миллион доллар которулган. Таза кирүү - 1 миллиард 888,93 миллион доллар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн