Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мигранттарга обсервация, медициналык мекемелер даяр болушу шарт, - Боронов

22.04.2020 15:58
915
Мигранттарга обсервация, медициналык мекемелер даяр болушу шарт, - Боронов


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында бүгүн, 22-апрелде Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы. 


Саламаттык сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана бир катар кызматтардын ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды.


Кубатбек Боронов баса белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Россия Федерациясынан жана Түркиядан мекендештердин жакын арада келишине толук даярдык көрүлүш керек.


«Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүлөрү керек», - деди ал.  


Белгилей кетсек, бүгүн Новосибирск (Россия Федерациясы) шаарынан аба каттамы күтүлүүдө, анда 176 адам келет. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда. 350 кыргызстандыктын келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.


Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй карантинин катуу сактоо жана жакында Түркиядан жана Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештерибиздин толук обочолонуусун көзөмөлдөөсү керектиги белгиленди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн