Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мигранттарга шашылыш жардам көрсөтүү боюнча ЖК депутаттарына кайрылуу жолдонду

29.04.2020 19:19
1115
Мигранттарга шашылыш жардам көрсөтүү боюнча ЖК депутаттарына кайрылуу жолдонду


“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдоду.


Анда мындай деп жазылат:


30-апрелде ЖКнын пленардык жыйыны өткөрүлөт. Сиздерден төмөнкү маселелерди кароону өтүнөбүз:

Биз бир нече жолу Россия, Түркия, Япония, Италия, Вьетнамда жана башка өлкөлөрдө эч кандай жашоого каражаты жок калган биздин мекендештер жөнүндө маселе көтөргөнбүз. Сиздердин көңүлдү алардын көйгөйлөрүнө бурабыз, анткени алар үчүн ар бир күнү жашоо үчүн күрөшкө айланды. Аларга өтө кыска мөөнөттө шашылыш, реалдуу жардам көрсөтүү абдан зарыл.

 

Италияда 24 мекендешибиз эч кандай каражаты, азык-түлүгү жок дээрлик көчөдө калышты жана аларды каржылоо көйгөйүн чечүү керек.


Японияда калган 35 жаранга чартердик каттам уюштурулганга чейин турак жай жана азык-түлүк менен камсыздоо маселесин чечүү зарыл.


Вьетнамда биздин 30 жаран өтө оор кырдаалда калды. Аталган өлкөдө биздин элчилик же консулдук жок. Ал эми КР ТИМ алардын бир нече жолку кайрылуусун бир айдан бери көңүлдөн тышкары калтырды. Ошондуктан тез арада башка мамлекеттер аркылуу же алар менен бирге чартердик каттам уюштуруу маселесин чечүү, же болбосо аларды турак жай жана азык-түлүк менен камсыздоонун колго алуу керек.


Москвада хостелде жашап жаткан 90 жараныбыз жана сатып алган билети колунда, балдары бар, кош бойлуу, оорулуу жана улгайган адамдарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурууну чечүү керек.


Соль-Илецк шаарында 110 мекендеш, Усть-Илецкиде 60 киши абдан оор абалда. Новосибирскиде 22-апрелде учакка кирбей калган мекендештердин абалына байланыштуу абдан оор кырдаал түзүлдү. Бүгүнкү күнү аларды хостелден чыгарып жатат. Өкмөттөн аларга чукул жардам көрсөтүү керек.


Парламент 2020-жылдын 15-апрелинде Протокол кабыл алган, ал боюнча «өкмөт бир жумалык мөөнөттө башка өлкөлөрдөн биздин жарандарды алып келүү милдетин алган», ошондой эле, жеринде зарыл жардамдарды көрсөтүүнү моюндаган. Андыктан, өкмөттүн аткарган иштери боюнча сураш керек.


Парламентке билим берүү министри чакыртылып, АКШ, Европа жана башка өлкөлөрдөгү биздин студенттер жана мектеп окуучулар боюнча көргөн чаралар жөнүндө анын маалыматын угуу керек. Билим берүү министрлиги чет өлкөлөрдө окуп жаткан студенттер менен окуучуларга кандай кам көрүп жатат? Бизге ТИМ же Билим берүү министрлигинен эч кандай маалымат ала албаган ошол окуучулардын ата-энелери кайрылып жатат.


Чет өлкөлөрдө калган биздин мекендештердин көйгөйлөрүн чечүү үчүн чукул чараларды көрүү зарыл, анткени, алар өкмөттүн колдоосун алууга укуктуу.


Урматтуу депутаттар, ушул айтылгандарды көңүлгө алып жана тиешелүү органдарга тапшырмаларды берүүңүздөрдү өтүнөбүз!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн