Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине асфальт төшөлдү. Бул тууралу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы
Маалыматка владык, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп, жаңы алынып келинген техникалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатып, жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыкталды.
Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Жер иштери июль айында башталган. Этап-этабы менен жасалган бул жол бардык нормаларга жооп берет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн