Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы жыйналышынын протоколунун негизинде Абдылдаев Мыктыбек Юсупович Элдик курултайдын Катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн