Бишкек шаардык мэриясынын реакциясына таң калдым, деп билдирди тележурналист Мыктыбек Арстанбек Ютубдагы өзүнүн MYKTYBEK ARSTANBEK каналынан.
Буга чейин шаардагы мэрия эккен дарактардын көчөттөрү өспөй эле куурап калып жатканын айтып, жашылдандыруу боюнча чарба кызматкерлерине кайрылуу жасаган. Анда бак отургузуу ыкмасын билбей, көчөттөрдү чиритип жатканын белгилеген Мыктыбек Арстанбек аларды “супер багбан” деп каймана атаган.
Анын бул билдирүүсүнөн кийин “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги Мыктыбек Арстанбекке жолугушкан, ал бир көчөттү мисал катарында тигип берип, бак отургузуу ыкмасын үйрөттү. “Даракты сүйүп отургузбасаң чыкпайт”, - деп кошумчалайт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн