Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:44
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Милиция 9 жыл мурдагы резонанстуу кылмыш боюнча улут аралык кастыкты козутуудан алыс болууга чакырат

13.05.2022 17:00
589
Милиция 9 жыл мурдагы резонанстуу кылмыш боюнча улут аралык кастыкты козутуудан алыс болууга чакырат

 


Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча чагымчыл аракеттерге алданбоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.


2022-жылдын 11-майында жалпыга маалымдоо каражаттарында 2013-жылы жасалган резонанстуу кылмыштын бетин ачуу фактысы боюнча материалдар жарыялангандан кийин абийирсиз жарандар WhatsApp социалдык тармагы аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууну үгүттөп аудио билдирүү таратышкан.


Буга байланыштуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат. Учурда 9 жыл мурун болгон адам өлтүрүү фактысы, мыйзам чегинде ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон чаралар жүргүзүлүүдө.


Улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери бар материалдарды даярдоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" боюнча  каралган. Ошондуктан Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстандын жарандарына улуттар аралык кастыкты козуткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн