Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция Ош шаарында рейд учурунда жалгыз жүргөн баланын ата-энесин издейт

20.05.2022 17:49
498
Милиция Ош шаарында рейд учурунда жалгыз жүргөн баланын ата-энесин издейт

Ош шаарында рейд учурунда жалгыз жүргөн баланын ата-энеси изделүүдө.  Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-май күнүнөн 20-май күнүнө караган түнү Ош шаарынын аймагында өткөрүлгөн "Өспүрүм -түн" аталыштагы рейд учурунда түнкү интернет клубдардын биринде ушул бала жалгыз жүргөн учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Ош ОИИБдин КККнын Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген.  Бирок бул өспүрүм кайдан келгенин жана ата-энеси ким экендигин айтпай жашырууда.


Ошондуктан бул баланы тааныган жана билгендер болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна төмөнкү: 0779655602, 0555655602 телефондорго кабарлап коюңуздарды суранабыз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн