Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу анын уулу Кадыр Атамбаев социалдык тармактардагы баракчасына билдирди.
Ал 24-январда саат 14:00дө Тергөө кызматына келиши керек.
Кошумчалай кетсек, Кадыр Атамбаев дагы суракка чакырылган. Буга чейин милиция кызматкерлери анын айдоочусу Эрмек Эрматовду тартип сакчылары менен мушташып кеткени үчүн кармашкан.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн