Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Милиция Жан Воинов Бишкекте түнкү клубда куралдан ок атты деген маалыматты төгүндөдү

15.08.2022 14:32
420
Милиция Жан Воинов Бишкекте түнкү клубда куралдан ок атты деген маалыматты төгүндөдү

“Бишкектеги түнкү клубдардын биринде Жан Воинов ок чыгарган” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу  Биринчи Май РИИБи билдирди..


Буга чейин Бишкектеги түнкү клубдардын биринде атышуу болгондугу жана анда бийчи Жан Воинов асманга бир нече жолу ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат тараган. Аталган факты боюнча Биринчи Май РИИБи тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 14-август күнү саат 03:30 чамасында “Кипиш” барынын кире беришинде белгисиз жарандар арасында жаңжал чыкканы аныкталган.


“Воинов аларга арачага түшмөкчү болгон, бирок ошол маалда өзүн коргоо максатында бирөө аны бетке уруп жиберген. Воинов ага жооп кылып белгисиз адамды түртүп жиберген, андан кийин аларды да башкалар ажыраткан. Чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечишкен соң Воинов ал мекемеден чыгып кеткен”,- деп билдиришти милиция кызматынан.


Ошондой эле тапанчадан ок чыгарган Ж.Б. аттуу жаран экени аныкталган.


Ал өз түшүндүрмөсүндө жумуштары менен жүрүп эле көчөдөн топ жигиттердин урушуна күбө болуп калып, аларды тынчтандыруу максатында “Добрыня” сигналдык тапанчасын алып чыгып асманга ок чыгарганын айткан.


Ал видеону социалдык тармактардан көрүп, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө өзү келип көрсөтмө берген. Алынган тапанчага экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн