Жетинин айы 25, 2025
Убакыт: 17:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Милиция абактан качкан жаранды кармады

10.10.2021 13:01
1061
Милиция абактан качкан жаранды кармады

Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайдан качкан 26 жаштагы Тилек Акматов кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Кайгуул кызматы кабарлады.


Эске салсак, кармалган адам 10-октябрь күнү эртең мененки саат 07:09дар чамасында качкан. Ал Ленин айылындагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирди деген шек менен 8-октябрда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция бул ишти Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн