Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Милиция аквапарктагы окуучу баланын өлүмүн иликтөөдө

07.06.2022 11:27
314
Милиция аквапарктагы окуучу баланын өлүмүн иликтөөдө

Бишкек мэриясынын өкүлдөрү «Ала-Тоо» аквапаркында окуучу чөгүп кеткен №95 мектепке барышты. Окуянын чоо-жайын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат.


6-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында бала сууга чөгүп кеткени кабарланды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышкан.


Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул иштин чоо-жайын аныктоо үчүн башкармалыктын, райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринен турган комиссия түздү.


Комиссия бул окуяны изилдеп, мектеп кызматкерлеринин канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин жана жоопкерчилигин аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн