Бирдин айы 09, 2025
Убакыт: 23:49
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Уруксат кагазын сатып жүргөн милиция кызматкери кармалды

02.04.2020 10:27
996
Уруксат кагазын сатып жүргөн милиция кызматкери кармалды


Посттордон өтүүгө уруксат берүүчү кагаздарды сатуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блокпостордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаз үчүн пара алып жаткан учурунда Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБ У.К. аттуу кызматкери кармалган.


Ага 326-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн