Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Милиция кызматкерлери Баткенде чек арадагы айылдардагы окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда

01.09.2022 16:07
638
Милиция кызматкерлери Баткенде чек арадагы айылдардагы окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууда




Баткен районундагы чек арага чектеш жашаган айылдарда милициянын көчмө кабылдамасы менен 1-сентябрь күнүнө карата милиция кызматкерлери мектептерге бөлүнүп, иш алып барышты.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди


 

  Окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында ар түрдүү кылмыш жолуна бардырбоо жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, кол телефон көтөрүү мектепке алып келбөсү эскертилди.

  Ошондой эле, чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагында бир иреттен эскертип өтүштү.

Чек ара аймгындагы Тажикстан Республикасы менен чектешкен Ак-Сай, Көк-Таш, Самаркандек, Үч-Дөбө айылдарында мектеп окуучулардын, жашаган элдин коопсуздугун сактоо максатында кайгуулдарды уюштуруп, күнү-түнү кызмат өтөп жаткандыгын, эки элдин коопсуздугун сактоо максатында иш жүрүп жаткандыгын түшүндүрүүдө. 


Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажикстан Республикасынын милиция кызматкерлери менен биргеликте күн сайын иш алып барылуусу кайгуулдарды уюштуруп, күнү-түнү кызмат өтөп жаткандыгын, эки элдин коопсуздугун сактоо максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен үзүлтүксүз иш жүрүп жаткандыгын билдирди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн