Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:47
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Милиция кызматкерлери аялды 25 миң сомго алдап кеткен алдамчыны кармашты

04.09.2023 10:37
245
Милиция кызматкерлери аялды 25 миң сомго алдап кеткен алдамчыны кармашты


Милиция Бишкекте аялды 25 миң сомго алдап кеткен алдамчыны кармады. Бул тууралуу Биринчи Май районунун басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, жабырлануучу февраль айында кирешесин эки эсеге көбөйтүп берем деп убада кылган кишиге акчасын берип, алдап кеткен.


Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.


Шектүү катары 1964-жылы туулган М.А. кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.


Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган жаран ушул сыяктуу ондон ашык кылмышка катыштыгы болгон. Укук коргоо органдары шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0700060389 жана 102 телефон номурлары аркылуу билдирүүнү суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн