Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Милиция кызматкерлери каналга чөгүп бара жаткан жаранды куткарып калды

29.04.2022 15:39
378
Милиция кызматкерлери каналга чөгүп бара жаткан жаранды куткарып калды

Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя болгон жерден алыс эмес жерде жүрүшкөн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери БЧКда (Төмөнкү Ала-Арча районунда) сууга чөгүп кеткен адамды көрүшкөн. Ошол учурда офицерлердин бири дароо сууга секирип, адамдын өмүрүн саткап калууга үлгүргөн. Дароо биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген.


Жабырлануучунун айтымында, ал БЧК каналынын жанында туруп капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен. Ал милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Адамдын өмүрүн сактап калган ИИМдин БМЖКККнын кызматкерине 2021-жылы мыкты ыкчам кызматкер наамы ыйгарылган.


Белгилей кетсек, эпилепсия өнөкөт неврологиялык оору болуп саналат, кайталануучу, капыстан башталган эпилепсиялык талма менен мүнөздөлөт. Талма аң-сезимдин бузулушу менен коштолушу мүмкүн.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн