Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлору күйүп жаткан үйдү өчүрүүгө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 13-май күнү саат 04:20лар чамасында Свердлов районунун Крикова жана Шербаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде катталган.
Үй ээси, милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, андан соң тийиштүү кызматтардын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн