Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Милиция кызматкерлери милдеттерине шалаакы болгон учурда жетекчилери да жазага тартылат

13.04.2023 17:46
286
Милиция кызматкерлери милдеттерине шалаакы болгон учурда жетекчилери да жазага тартылат



2023-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаардык ИИББда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосуновдун, борбордук милициянын начальниги Азамат Ногойбаевдин, Бишкек ш. ИИББнын жетекчилигинин, райондук башкармалыктардын, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 1-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.


Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов кеңешменин катышуучуларына кайрылып жатып, Борбордук милициянын жетекчилиги өздүк курам менен иштөөнү жакшыртып, коллективдин психологиялык абалына жана милиция кызматкерлеринин социалдык жашоосуна өзгөчө көңүл буруусу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле тергөө кызматынын өздүк курамынын арасында насаатчылык программасы боюнча жаш кызматкерлерге көзөмөлдү күчөтүү. Дайыма кылмыш иштеринин тергөө сапатын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп туруусу керек экендигин баса белгиледи.


"Ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугунун маанилүүгү жарандардын ишенимине ээ болуу. Милициянын иши тууралуу жалпы пикир жарандардын баасынан турат.

Ар бириңер ага жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнүшүңөр керек. Кызматтык тартипти бузгандыгы, милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруудагы олуттуу кемчиликтери үчүн кызматкерлер, анын ичинде жетекчилер да катуу жазага тартылышат", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин биринчи орун басары.


Ыкчам кырдаалдын абалы, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылдын 2-чейрегине карата коюлган милдеттер тууралуу Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаев баяндама жасады.


Өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо, коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берген кызматкерлердин кесипкөйлүгүн, укуктук маданиятын жогорулатуу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле руханий-адеп-ахлактык тарбияны калыптандыруу боюнча иштер жөнүндө Бишкек ШИИББнын райондук башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жана өз алдынча кызматтарынын башчылары билдиришти.


Мындан тышкары, 3-февраль 2023-жылы КР ИИМдин жыйынтыктоочу коллегиясында министрдин көрсөткөн 7 артыкчылыктуу багытты ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүк жана жарандарды сервистик тейлөө боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилери баяндама беришти.


Кеңешменин аягында башкармалыктардын, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине төмөнкүдөй милдеттер коюлду: ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжаларын жогорулатуу, канааттандыраарлык эмес көрсөткүчтөрдү оңдоо, кылмыштарды ыкчам аныктоо жана ачуу.

Мындан тышкары, 4 айдын жыйынтыгы боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча, БМЖКККнын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жана кадрлар бөлүмүнүн иштерин кароо чечими кабыл алынды. 


Белгилей кетсек, Бишкек шаардык ИИББнын жана РИИБдин өткөн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешмелердин жыйынтыгы боюнча ар кандай кемчиликтери үчүн 45 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн