Бүгүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүүгө жардашты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери башка кызматтар келгенче, үйдүн эшигин сындырып кирип үйдө калган адамдарды алып чыгууга үлгүрүшкөн. Андан кийин өрттү өчүрүү үчүн керектүү аракеттерди жасаган.
Кийинчерээк өрт өчүрүү кызматы келип өрттү токтоткон. Учурда өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн