Ленин РИИБ социалдык тармактарда милиция сатуучуларды уруп идиштерин сындырды деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.
"18-январда "Ош Базары" соода-базар комплексинин аймагында соода эрежелери жана санитардык-гигиеналык ченемдер сакталбаган сооданы жоюу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Рейд учурунда милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты. Профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда дагы, андан кийин дагы эч ким милицияга арыз менен кайрылган жок" ,- деди милициядан.
Эске салсак, рейд учурунда милиция менен сатуучулар ортосунда жаңжал чыгып, сатуучунун идиштери талкаланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн