Бугу 10, 2024
Убакыт: 12:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Милиция улгайган аялды зордуктоого шектелген жаранды кармады

08.01.2021 14:39
645
Милиция улгайган аялды зордуктоого шектелген жаранды кармады

Милиция кызматкерлери зордуктоого шектелген адамды кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 8-январына караган түнү 102 ыкчам номерине зордуктоо тууралуу билдирүү келип түшкөн. Чакыруу болгон жерге келгенде, милиция кызматкерлери 61 жаштагы аялды табышкан. Анын айтымында, 7-январь күнү саат 23:30 чамасында кошунасы анын үйүнө кирип, зордуктаган.


«Кийин ал адам белгисиз тарапка жоголгон. Кайгуул кызматынын экипажы  шектүүнү кармады. Ал Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген 43 жаштагы С.Ж. болуп чыкты», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн