Кыргызстанда милиция кызматкерлеринин айлыгы 2020-жылдын 1-январынан тартып 40 пайызга көбөйдү.
Бул тууралуу ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында 2019-жылдын 25-июлунда “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамында укук коргоо кызматкерлери үчүн ижарага турак-жай алып берүү каралган (Бишкекте 9, аймактарда 7,5 миң сом). Бул боюнча 2020-жылдын 3-февралынан баштап келишим түзүлө баштайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн