Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 100 миң сом пара талап кылууга фактысы менен кармалды

07.09.2021 11:46
876
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 100 миң сом пара талап кылууга фактысы менен кармалды

УКМК: Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИБ Патрулдук милиция кызматкери кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» кармалды.    


Такталган боюнча, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» таанышы менен жең учунан сүйлөшүп алып, зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуп, Бишкек шаарынын тургуну «С.К.Б.» 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок, укук коргоо органдары борбордун бул тургунуна карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес.  



КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган Бишкек шаарынын ШИИБ Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын кызматкери «А.А.К.» тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын андан ары жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн