Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Түркияда өткөн мелдеште чемпион болду

03.08.2022 12:51
711
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Түркияда өткөн мелдеште чемпион болду

Милициянын кайгуул кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн мелдеште алтын курга ээ болду. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча МККБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн WAKO PRO мелдештинде 71 кг салмактагылар арасында Кикбоксинг боюнча чемпион болду.

Аны «Ош» эл аралык аэропортунан Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алышкан.


Аталган кызматтын басма сөз кызматы кабарлагандай, Кайгуул кызматынын жетекчилиги Аброр Хакимовду жеңиши менен куттукташкан.


«Аброр Хакимов Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын саптык батальонунун 2-взводунун кызматкери. Ал профессионал мушкерлер арасында Түркияда өткөн Кикбоксинг боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан катышып, алтын курду уткан. Аны аэропорттон тосуп алып, жеңиши менен куттуктадык»,-деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн