Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери кокустан айдоочуну атып, өлтүрүп алды

28.08.2021 07:25
1091
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери кокустан айдоочуну атып, өлтүрүп алды

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери кокустан айдоочуну атып, өлтүрүп алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя 27-август күнү болжол менен саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгону айтылат. Toyota RAV4 автоунаасы менен каршы тилкеде келе жаткан айдоочуну Д.Ж. аттуу инспектор токтоткон. Протокол толтурулуп жаткан маалда милиционер менен жаңжалдаша кеткен А.Ч. аттуу айдоочу документин калтырып коюп кетип калган.


"Бир аз убакыт өткөндөн кийин А.Ч. кайра кайтып келип, урушуп, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаган. Андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылган. Дал ошол маалда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийген. Натыйжада ал каза болуп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Свердлов районунун ИИБи тарабынан каттоого алынды. Окуя болгон жерге ИИМ, ШИИБ жана райондук прокуратуранын жетекчилиги чыгып кеткен.


ИИМдин Ички иликтөө кызматы окуяны териштире баштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн