Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды

10.02.2022 10:45
374
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бүгүн, 10-февралда Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин кызмат учурунда сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, 9-февралда Айтматов проспекти менен Жаманбаев көчөсүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин Toyota Vitz унаасы сүзүп, качып кеткен.

Бүгүн унаанын 30 жаштагы айдоочусу "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынын жардамы менен кармалды.

Унаа айып аянтчасына киргизилип, айдоочуга карата кылмыш иши козголду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн