Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Милициянын кайгуул кызматкерлери алоолонгон өрттү өчүрүштү (фото)

16.06.2020 08:33
1407
Милициянын кайгуул кызматкерлери алоолонгон өрттү өчүрүштү (фото)


Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери Октябрь районунун аймагында кайгуулда жүргөн учурда Бишкек шаарынын Медерова менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол жээгиндеги куураган чөптөр алоолонуп күйүп жаткандыгын көрүшкөн.

 

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ошол замат ыкчам аракеттерди көрүп, өрт өчүрүүчү кызматы келгенче милиция кызматкерлеринин мобилдик тобу экиге бөлүнүп, бири ошол жердеги коомдук тартипти сактоо максатында өрт жүргөн чарчыны курчоого алып турушса, экинчи топ күйүп жаткан өрттү өчүрүштү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн