Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Миллиарддар асманга сапырылып жатат деген Махабат Мавлянова өкмөткө эки сунуш берди

10.07.2020 09:50
1175
Миллиарддар асманга сапырылып жатат деген Махабат Мавлянова өкмөткө эки сунуш берди


Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова өкмөт башчы Кубатбек Бороновго өзүнүн сунуштары менен кайрылганын билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, Covid-19 кайсы өлкө болбосун, коомдун кандай гана катмары болбосун бардык элдин саламаттыгына коркунуч туудуруп турат. Өзгөчө медициналык потенциалы абдан төмөн Кыргызстанда көп жоготууларга дуушар болууда.


Мен премьер-министр Бороновго жолугуп, сунуш берүүнү айтсам, эпидемиялык абалга байланыштуу телефон аркылуу эле айтышымды билдирди. Ушул оор абалдан чыгууда, өкмөттүн элге жасаган иши эффективдүү болуусу үчүн 2 сунуш бердим. Боронов менин сунуштарым туура берилип жатканын белгилеп, анализдеп чыгарын айтты”, - деп билдирди Мавлянова.


Депутаттын биринчи сунушу: “Бюджеттин тартыштыгы күч алган учурда мамлекеттик сатып алууларда абдан терс көрүнүштөр орун алып жатат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында көп жолу колдонулуучу респиратордук беткап 70 миң сомго 500 даана (1даанасы 140 сом) алуу боюнча маалымат илинип турат. Бирок ушул түрдөгү беткапты өндүрүүчү өлкөдөн түздөн-түз алып келүү баасы 65-70 сомду камтыйт. Дагы бир мисал, көп жолу колдонулуучу коргонуучу комбенизон 450 миң сомго 500 даана (1даанасы 900сом) алуу боюнча маалымат чыкты. Муну дагы түздөн-түз экспорттоочу өлкөдөн алып келүү баасы 250-400 сомду камтыйт. Демек, мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын алкагында биз эки эсе жогорку баада сатып алып жатабыз. Эгер жалпы статистиканы карап чыксак миллиарддаган суммаларды асманга сапырып, кээ бир компания ээлеринин жеке чөнтөгүнө салып жатабыз. Ошондуктан жалпы өлкө боюнча бардык мамлекеттик медициналык мекемелерге алынуучу медициналык каражаттарды борборлоштуруп, жалаң гана Саламаттыкты сактоо министрлиги жана завод өндүрүүчүнүн ортосунда келишим менен сатып алууну уюштурган болсок, ошол эле каражатка 2 эсе көп медициналык каражаттарды жана жабдыктарды сатып алууга болот”, - деди депутат.


Экинчи сунушу: Бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2,4 млрд сомду жалпы социалдык тармакка эмес, заманбап оорукана курууга жумшоону сунуштады. Маселен чоң шаарлардагы, райондордун борборлорундагы мамлекеттик медициналык мекемелердин территориясында эле медициналык корпустарын куруп баштоо керек. Эч кандай тендерсиз, өздүк баа менен тез куруучу технологияны колдонуп 3-4 айда курса болот. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн