Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Миллиардер Илон Маск дүйнөлүк ачкачылык менен күрөшүү үчүн 6 млрд доллар бөлөт

17.11.2021 09:14
673
Миллиардер Илон Маск дүйнөлүк ачкачылык менен күрөшүү үчүн 6 млрд доллар бөлөт

Дүйнөнүн эң бай адамы, миллиардер Илон Маск  БУУга  ачкачылык менен күрөшүүгө алты миллиард доллар берүүнү убада кылды. Бул тууралуу Meduza маалымат агенттиги билдирди.


Маалыматка ылайык, Илон Маск аталган акчаны БУУ конкреттүү план түзгөн учурда гана берет.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын планына ылайык, 43 өлкөдө 42 миллион адамдын ачарчылыктын алдын алуу үчүн 6,6 миллиард доллар керек. Алардын 3,5 миллиарды тамак-аш сатып алууга жана жеткирүүгө жумшалат.


2 миллиард доллар  азык-түлүк талондору менен базардан азык-түлүк сатып алып, жергиликтүү экономиканы колдоого ала турган аймактардын жашоочулары үчүн бөлүнөт.

43 өлкөдө азык-түлүк бөлүштүрүү программаларын жана ваучерлерин иштеп чыгуу жана кеңейтүү үчүн 700 млн доллар бөлүнөт. Калган 400 млн дүйнөлүк азык-түлүк программасынын операцияларын каржылоо үчүн берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн