Бугу 02, 2024
Убакыт: 18:18
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Миллиондорду төксөң кутулдуң, төгө албасаң тутулдуң

08.07.2021 12:00
1784
Миллиондорду төксөң кутулдуң, төгө албасаң тутулдуң


Өткөн жылдагы октябрь окуясынан кийин келген бийликтин тушунда «Кустуруу» операциясы кызуу жүрүүдө. Адегенде эле жалпы элге «Райым-миллион» деп таанылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мамлекетке 2 миллиард сом төккөнү белгилүү болгон. Көп өтпөй финполициянын мурдагы төрагасы Бакир Таиров мамлекетке 20 миллион сом төккөнү кабарланган. Ошентип алар мындай суммадагы акчаны төлөшкөндөн кийин камактан бошотулушканын да коомчулук билет. А баса, тээк Акаевдин заманында премьер-министрлик кызматка чейин ктөрүлгөн Кубанычбек Жумалиев да коррупцияга айыпталып камакка алынып, анан ал 1 миллиард сом мамлекетке төккөндөн кийин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камактан бошотулган.


Мындай «кустуруу» операциясы ошондон бери үзгүлтүксүз эле уланып келатат. Миллиондоп казынага акча төлөгөндөрдүн саны бир топ эле болуп калды. Алардын акыркыларына да токтоло кетели. Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов да жакында эле «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кармалган. 12-июнда Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 10-августка чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган. Ал коррупциялык аракеттери менен 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батир, бир миллион долларга бааланган 10дон ашуун автоунаа алганы айтылган. Ал дагы 1-июлда Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Мекеменин маалыматына таянсак, Айтмаматов мамлекетке 74 миллион 517 миң сом төлөп берген. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ага мамлекетке 100 миллион сом чыгым келтирген деген аныктама коюлган экен.


Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев дагы «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген айып менен кармалган эле. Ага дагы «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган. Ал жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп, жакын туугандарына катталган ири өлчөмдөгү мүлккө ээлик кылары айтылган. Күнөөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен 260 миң сом айып да төлөгөн. Андан тышкары мамлекетке келтирген зыяны деп 30 миллион сом төлөп бергени маалым болду.


Бишкектин турак-жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча шаар башчысынын мурдагы орун басары Мирлан Амантуров 2020-жылы декабрда кармалган. Амантуров "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасында жетекчи болуп турганда мамлекеттик сатып алуулар, жол салууда коррупциялык схемаларды ишке ашырган деп айыпталган. Ал мамлекеттин казынасына 25 миллион 203 миң 700 сом төлөп берип, сот иши кыскарганы белгилүү.


«Мыйзамсыз баюуга» шектелип, адегенде чет өлкөдө жүрүп, анан Кыргызстанга кайтып келген Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да мамлекетке 20 миллион сом төлөп берди. Баарынан кызыгы, ал мамлекетке 20 миллион төккөнүнөн кийин кадимкисиндей эле парламенттин кезексиз жыйынына катышуу үчүн барганы болду.


«Элиат Хаус» курулуш компаниясынын мурдагы бшкы директору Тимур Файзиевге да кылмыш иши козголгон эле. «Кактус.медианын» жазганына караганда ал дагы мамлекетке 2 миллион доллар төгүп, натыйжада кылмыш иши кыскарган.


«Кумтөр» маселеси боюнча коррупцияга айыпталып кармалган мурдагы депутат Талантбек Узакбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков да УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу да «Кактус.медиа» өздүк булактарына таянып жазып чыккан. Алар дагы мамлекетке бир канча миллион каражат төлөшкөнү айтылууда.


Албетте, эгерде мамлекеттен уурдашкан болсо, анда анын баары кайра кайтарылганы жакшы. Биз жогоруда санап кеткендер, мамлекетке миллиондогон каражатты төккөндөрдүн бир бөлүгү гана. Мындан тышкары да бир топ чоң-кичине чиновниктер мамлекетке келтирген зыяндарын төгүп жатышат. Бирок, бир суроо жаралат, эгер алар күнөөлөрүн мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыяндарын төгүп жатса, демек коррупционер экендиктерин танган жок дегендикке жатабы? Анан коррупционер экендиктерин моюнга алып жатышса, акчасын төлөтүп коюп эле эркиндикке кое берүү туура болобу? Бул жагдай коррупциянын ооздукталышын камсыздайбы, же тескерисинче «Уурдай берейин, кармалып калсам төлөп коем» деген тобокелчиликтерди жаратабы?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Арси.
Эгер коррупцияга каршы чындап курош болгондо, алардын баарын камаганга жараша кайра чыгарбаш керек болчу. Баардык кыймылдуу да, кыймылсыз да мулку, озунобу же башкага катталганбы айырмасы жок, баары тондурулушу керек. Алардын "укугуна" карап кереги жок болмок. Эч ким эч нерсе дей алмак эмес, эл болсо суйунмок, олгончо колдомок.
Арси.
Албетте, мин сом уурдап, он сом же жыйырма сом тогуп, эч нерсе болбогондой кутулуп кеткен жакшы эмеспи. Бул "кустуруу" дегенди коррупцияга каршы курош деп эмес, шоу деп атаса туура болот. Эми ал, жеткен келесоого деле белгилуу да.