Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:25
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Миң-Булак айылында 7, 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

07.03.2022 10:26
579
Миң-Булак айылында 7, 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз түрдө менчике берилип кеткен 7 млн 770 миң сомго бааланган 2,59 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.


Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.




Текшерүүдө, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдагы токтомунун негизинде Миң-Булак айыл өкмөтүндөгү 2,59 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке бөлүнүп, ага “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалы тарабынан укук берүүчү күбөлүгү даярдалып берилгендиги аныкталган. 




Аталган факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.




Мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган.




Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчике берилип кеткен 7 млн 770 миң сомго бааланган 2,59 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн