Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы №67 мектептин окуучулары менен мугалимдери эвакуацияланды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, мектептин электрондук почтасына имаратка мина коюлганы тууралуу кат келген.
Жерине тартип сакчылары барып, мектеп текшерилип жатат.
Ал эми окуучулар үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн