Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:08
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Мындан ары Чүй проспектисинде маршруткалар жүрбөйт: 36 каттамдын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү

18.12.2023 13:41
433
Мындан ары Чүй проспектисинде маршруткалар жүрбөйт: 36 каттамдын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү


18-декабрдан тарта Чүй проспектисинин Ибраимова көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук таксилердин кыймылы толугу менен альтернативдүү көчөлөргө багытталат.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кичи автобустар эми Киев, Токтогул жана Фрунзе көчөлөрү менен жүрө баштайт.


Мэриянын Транспорт жана автотранспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, жогоруда аталган аймактагы кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча бул иш-чаралар жүрүп жаткан маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу көрүлүп жатат.


Өзгөртүүлөр бир катар каттамдарга таасирин тийгизет, анын ичинде: №104, №111, №129, №134, №135, №136, №137, №138, №143, №163, №164, №166, №169, №172, №176, №179, №185, №192, №199, №203, №202, №208, №211, №215, №216, №220, №222, №225, №227, №240, №243, №250, №254, №258, №260, №285.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн