Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мындан ары Евразия экономикалык комиссиясында иштей тургандар сынактын негизинде тандалып алынат

05.10.2020 11:53
1179
Мындан ары Евразия экономикалык комиссиясында иштей тургандар сынактын негизинде тандалып алынат

Өкмөт тарабынан Евразия экономикалык комиссиясында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жаңы жобо кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги кызматтык жактын бош кызматтык орунун ээлөөгө квалификциялык тандап алуу сынактык негизде өтөт. 

Тандап алуу процессин тартипке келтирүү Евразия экономикалык комиссиясында иштөө үчүн мыкты талапкерлерди тандап алууга мүмкүндүк берет, анкени, сынак процесси ачык-айкын өткөрүлөт.

Белгилесек, жаңы жобо боюнча Кыргыз Республикасынын атынан Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги кызматтык жактын бош кызматтык орунун ээлөөгө сынакка катышуу үчүн талапкерлерди квалификациялуу тандап алуу жарыяланган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн